Бишкек шаарынын тез чакырым станциясына өткөн жумада 4 миң 237 кайрылуу катталган.
Ал каттолордун ичинен 3 миң 108 адам ооруканаларга жаткырылган. Бул жөнүндө Бишкек шаарынын саламаттык сактоо департаменти билдирди.
Учурда шаардын жарандарын тейлөө боюнча 232 бригада жана 237 транспорт тейлейт.
Өткөн жумада, автожол кырсыгынан жаракат алган жарандардан 26 кайрылуу катталган, алардын ичинен жабыр тарткандар - 34 адам.
112 адам ичеги инфекциясы мененооруканаларга жаткырылган. Бардыгы 330 кайрылуу катталган.
Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg
Азырынча бир да пикир жок...