Акыркы макалалар

Чүй облусунда камакта жаткандар иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат

500гө жакын түрмөдөгүлөр алтын казуу иштерине тартылмакчы. Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы №31 эмгек-түзөтүү мекемесинде болгондо билдиргенин Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

“Алтынды кайра иштеп чыгаруучу компания Беловодск айылындагы №16 коллониянын базасында фабрика курууну пландап жатат. Ушуга байланыштуу жумушка 500гө жакын абакта жаткандар тартылып, каражат табууга мүмкүнчүлүк алышмакчы”, - дейт өкмөт башчысы.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...