Акыркы макалалар

ОшТВда кош бийлик орноду

Бүгүн, 2-июлда, ОшТВ каналынын жамаатына жаңы жетекчи дайындалды. Буга чейин шаардык мэриянын Коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш кызматынын жетекчиси Керимбек Калыкуловду Мамлекеттик мүлк кызматынын Оштогу өкүлү Олжобай Осмоналиев тааныштырды. Жаңы директорду дайындоо боюнча ушул жылдын 31-мартында райондор аралык соттун чечими негиз болгон. Калыкуловдун директор болушу боюнча буйрукка маданият министри Камила Талиева кол койгон.

Бирок, телеканалдын мурда директор болуп турган Шайырбек Маматокторов бул иштердин баары мыйзамсыз экенин айтып кабинетти бошоткон жок. Кийин аны УКМКнын Оштогу бөлүмүнө чакырып, соттун чечимин аткарууну айтышкан.

Ал эми азыр Керимбек Калыкулов мыйзамдуу директормун десе, Шайырбек Маматокторов да мыйзамдуу директор экенин айтышууда.

2010-жылдагы кандуу окуяларга тиешеси бар делип, ОшТВнын мурунку директору Халил Худайбердиевдин үй-мүлкү, телеканал толугу менен мамлекетке конфискацияланган чечим чыккан. Кийинчерээк аны башка адамдар сатып алынганы, аларды бири Ош шаарынын мурдагы мэри Мелисбек Мырзакматовдун дагы аты айтылып жүргөн. Бирок, Мырзакматов “меники эмес”,-деп көп жерде айтканы маалым. Ал мэрликтен кеткенден аз өтпөй, ОшТВ россиялык ишкер Максим Кротовго сатылганы тууралуу маалымат тараган.

Азыр кайра мурунку иши козголуп, райондор аралык соттун чечими жана КРнын маданият министринин буйругу менен Керимбек Калыкулов директор болуп дайындалды.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...