Акыркы макалалар

Issyknews. Ысык-Кѳлдѳн чыгарылуучу ширелер Германияга экспорттолушу күтүлүүдө

Облустагы Түп районунун АК-Булуң айыл өкмөтүндөгү “Эфест- Компани” жоопкерчилиги чектелген коому өрүктүн жана помидордун ширесин даярдап, чыгарып келет. Ал 24 саат ичинде 5 тонна шире чыгарууга ылайыкталган. Учурда чыгарылган ширелерди Кыргызстандын дүкөндөрүндө сатылууда жана чет мамлекеттерге чыгаруу пландары көрүлүүдө. Бул тууралу цехтин өндүрүш башчысы Александр Кирилов билдирди.

Анын айтымында өндүрүлгөн ширелердин курамына эч кандай химиялык заттар кошулбайт: “Германиянын ишкерлери биз менен кызматташып, келе жатышат. Ал эми Германиянын ишкерлери ал өлкөгө ширелерди сатууну уюштурууга жардам берүүгө убада кылууда”-дейт А.Кирилов.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...