Акыркы макалалар

Кадамжайдын Актурпак айылынын жашоочулары чек арачылар үстүнөн арызданышты

Кадамжайдын Актурпак айылынын жашоочулары чек арачылар үстүнөн арызданышты

Кадамжай районунун Актурпак айылынын жашоочулары "Бүргөндү" чек ара тосотунун чек арачыларынын үстүнөн Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаровго жана тиешелүү органдарга арыз менен кайрылышкан. Арыздангандар "Бүргөндү" чек ара тосотунун жетекчиси Ильяз Жусупов аскерлерге буйрук берип, жүргүнчүлөрдү уруп сөгүп, коркутуу максатында асманга ок атканын айтат. Арыздануучулардын бири Замирбек Кожоевдин арызында чек арачылар акча талап кылып, курал такагандыгын билдирген.

Арыздангандар "Бүргөндү" чек ара тосотунун жетекчиси Ильяз Жусуповго мыйзам чегинде чара көрүлүүсүн суранышат.

Өзбекстандын Чоң-Гара анклавындагы кыргыздар да нааразычылыгын билдирип, өткөрмө бекеттен өтүү азапка айланганын айтып, тийешелүү жетекчилер көзөмөлгө алуусун суранат.

"Бүргөндү" чек ара тосотунун начальниги Ильяз Жусупов бул жөн гана жалаа экенин, кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы менен атайын жасалып жатканын билдирип, толук жооп берүүдөн баш тартты.

"Бүргөндү" чек арасы Өзбекстандын Чоң-Гара анклавы менен чектешет.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...