Акыркы макалалар

Шаардык бир мектептин оңдоо иштерине жылына 200-300 миң сом каражат бөлүнөт

Шаардык 47 окуу мекемелерин оңдоо үчүн, жылына 24 млн сом каражат бөлүнөт. Бул тууралуу вице-мэр Бакыт Дүйшембиев Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.

«Шаардык 47 окуу мекемелерин оңдоо үчүн, жылына 24 млн сом каражат бөлүнөт. Ар бир окуу мекемесине 200-300 миң сомдон берилет», - деп маалымдады Бакыт Дүйшембиев.

Анын айтымында, 56 мекетеп жана кайра профилдөө, ошодой эле №25 мектептин имараты колдонууга жарабай калгандыктан, аны кайра курууга керек.

«Үстүбүздөгү жылы Көр-Жарда бала бакчанын курулушун бүтүрүү пландалууда. Бүгүн биринчи июлдан баштап, билим берүү мекемелерин оңдоо иштерин баштоол тууралуу макулдашууга кол коюулат», - деп белгиледи ал.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...