Акыркы макалалар

Ача-Кайыңды айылынын бал кымызы "Кымыз" фестивалынан 1-орунга ээ болду

Ат-Башы районунда "Кыргыз шырдагы" IV эл аралык фестивалынын алкагында өткөн "Кымыз" фестивалынын жыйынтыгында Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын бал кымызы 1-орунга ээ болду. Бул тууралуу Нарын жаш ишкерлер ассоциациясынын өкүлү Эрлан Салбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-орунга Талды-Суу айылынын кымызы ээ болду. 3-орунга Казыбек айылынын кымызы татыды.

"Кымыз" фестивалына саамал, сары саамал, кымыздын гүлү, байтал бээнин кымызы, бал кымыз, боз бээнин кымызы, сакталган кымыз, чапталган кымыз, каркар кымыздары сыноого коюлган", - деп кошумчалады Салбаев.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...