Акыркы макалалар

30-июнда Жогорку Кеңештин V сессиясынын иш жыйынтыкталып, депутаттар каникулга тарады

Жогорку Кеңешинин бүгүн, 30-июнда, өткөн жыйынында кыргыз парламентинин V сессиясынын ишин жыйынтыктап жатып, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков сессия аралыгында жүргүзүлгөн иштер тууралуу учкай маалымат берип, ийгиликтүү иш алпарганы үчүн эл өкүлдөрү менен аппарат кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Төмөндө төрага А.Жээнбековдун сөзүн толук келтиребиз.

“Кезектеги сессиябызды жабык деп жарыялап, гимн ойноонун алдында Жогорку Кеңештин, баарыбыздын 2013-жылдын жылдын 3-сентябрынан ушул жылдын 30-июнуна чейин чогуу-чаран аткарган иш-аракеттерибиз жөнүндө кыскача маалымат бере кетейин.

Сессия мезгилинин ичинде 76 пленардык жыйын өткөрдүк, 265 мыйзам долбоорун талкууладык. Жогорку Кеңеш тарабынан 176 мыйзам долбоору кабыл алынды, алардын ичинен 137исине Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюлуп, күчүнө кирди. Мамлекетибиздин жашоосундагы баардык актуалдуу маселелерди камтыган 873 токтом, 73 протоколдук тапшырма кабыл алынды.

Алардын ичинде аскер доктринасы, чек араны бекемдөө, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, стратегиялык жолдорду куруу, энергетика тармагын модернизациялоо сыяктуу маанилүү маселелерге арналган мыйзамдар жана токтомдор бар.

Өткөн жылы кыргыз парламентинин 75-жылдык мааракесин белгиледик. Эл аралык ишмердигибиз жемиштүү болду. Жогорку Кеңеш ЕКПАнын “Демократия боюнча өнөктөш” деген статусун алды, КМШ жана ЕврАзЭШ аймагында жигердүү аракеттер жасалды.

Сессияда каралган “Кумтөр”, “Кыргызгаз”, “Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы” сыяктуу маселелер калкыбыздын арасында чоң резонансты жаратты. Шайлоочулардын алдында парламенттин ачыктыгын камсыз кылуу үчүн курч маселелердин баардыгы жалпыга маалымдоо маалымат каражаттары аркылуу кеңири ачык-айкын чагылдырылды.

Мен учкай айтып кеткен мисалдардан эле жыл ичинде жемиштүү иштегенибиз көрүнүп турат. Жогорку Кеңештин сессиянын алкагындагы ишмердиги жөнүндө отчет негизинен даярдалып бүттү. Ал бүгүнкү маалыматтар менен толукталып, сайт аркылуу ар бириңиздерге тааныштырылат.

Сиздерге Төрага катары дагы чоң ыраазычылык билдирип кетүүгө уруксат этиңиздер. Сиздер менен кызматташуу мен үчүн чоң сыймык.Баардыгыңыздардын атыңыздардан, урматтуу депутаттар, Аппараттын кызматкерлерине, Аппараттын жетекчилерине, Иш башкармалыгына, ал жерде иштеп жаткан кызматкерлерге баардыгыбыздын жумушубузду камсыз кылып жатканы үчүн чоң ыраазычылык билдирип коюуга уруксат этиңиздер.

Урматтуу Өкмөт өкүлдөрү, өзүңүздөр айттыңыздар, биздин карообузга сунуш кылынган маселелердин бирин да калтырбай карапбердик. Эми, сентябрга чейин жакшы иштегиле.

Орозо туткандарды, жалпы мусулмандарды Рамазан айы менен куттуктайм. Кудай буюрса, Рамазан айында тилеген тилектерибиз ишке ашып, Кыргызстаныбыз өркөнү өскөн мамлекет болот, буга толук ишеним бар, анынмүмкүнчүлүгү өтө чоң. Кудай буюрса, биз элибиз байгерчиликте, ынтымакта жашаган, чыныгы эгемендүү, көзкарандысыз мамлекет болобуз.

Күн тартибине коюлган маселелерди карап бүттүк. Жакшы иштеп бердиңиздер. Рахмат. Эми Конституциябыздын 77-беренесине жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 34-беренесине таянып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги сессиясын жабык деп жарыялайм.

Депутаттар июль айында шайлоочулар менен жолугушат, андан кийин бир ай эс алууга чыгат. Шайлоочулар менен жолугушууңар, эмгек өргүүңүздөр байсалдуу болсун. Сентябрда аман-эсен жолугушалы!”

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...