Акыркы макалалар

Өкмөт энерготарифтерди көтөрүү тууралуу программасын парламенттен чакырып алды

Кыргыз Республикасынын өкмөтү жылуулук жана энерготарифтерди көтөрүү тууралуу программасын парламенттен чакырып алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков парламенттин жыйынында билдирди.

«Парламентке өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдын колу коюулган энерго тарифтерди көтөрүү тууралуу өкмөттүн программасын кайтарып алуу маселесин күн тартибине киргизүү сунуш кат келди. Өкмөт өз прорграммасын кайтарып алганы жатат», - деп маалымдады спикер.

Эске салсак, депутаттар үч фазалуу электр колдонуучуларга тарифтерди көтөрүү маселесин талкуулашкан эле. Документке энерго тарифтер 1,2 сом деп белгиленген.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...