
Бишкекте жолборсту Москвадан келген “Акула” циркинин кызматкери жетелеп жүргөн. Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери ага Кыргызстанда коомдук жайларда жырткыч жаныбарларды сейилдетип жүрүүгө болбой тургандыгын түшүндүрүшкөн.
Эске салсак, интернетке Бишкекте жолборсту жай-баракат жетелеп жүргөн адамдын сүрөтү тараган. Окуя калаадагы Түштүк Магистарлда болгон.
Маалыматка ылайык, 11 айлык жолборсту Бишкекке цирктин шоу-программасынын алкагында алып келишкен.
Түп нускага шилтеме : kabar.kg
Азырынча бир да пикир жок...