Акыркы макалалар

МБКнын башчысы Кулматов кеткенден кийин кызматкерлер массалык кызматтан кетүүдө деген маалыматты төгүндөдү

МБКнын башчысы Кулматов кеткенден кийин кызматкерлер массалык кызматтан кетүүдө деген маалыматты төгүндөдү

КР Мамлекеттик бажы кызматында (МБК) Кубанычбек Кулматов төрагалыктан кеткенден кийин массалык түрдө кызматтан бошонуп кетүүлөр жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйындын жүрүшүндө КР МБКнын төрагасы Алмаз Оңолбеков билдирди

Журналисттер Оңолбековго суроо узатышып, Кулматовдун МБКнын кызматкерлери массалык түрдө кызматтан кетүүгө ниеттенишүүдө деген билдирүүсүнө кызыгышты.

“Бүгүнкү күндө жамаатта кызматтан кетүү тууралуу арыз жок. Үстүбүздөгү мезгилде эч кимди терс мотивдер боюнча кызматтан алган жокбуз. Жашына байланыштуу арыздар бар, башкача айтканда жаш курагы жетип калгандар. Массалык агым жок. Буга тынч эле реакция кылуу керек”,-деп түшүндүрдү МБКнын башчысы.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...