Акыркы макалалар

Кыргызстанда 1- июлдан тарта жылуулук энергияга болгон тарифтер 28% өсөт

Кыргызстанда 1-июлдан тарта жылуулук энергияга болгон тарифтер 28% өсөт. Бул тууралуу КирТАГга Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин алдындагы жылуулук-энегетика комплексин жөнгө салуу департаментинен билдиришти.

«Биринчи катталган адам турак жайдын жалпы аянты 35 м2 жылуулук колдоно алат. Экинчи жана андан кийин катталгандар 14 м2 жылуулуук корото алат. Нормадан өтүп кеткендер - 1557,25 сом/Гкал төлөйт», - деп түшүндүрдү башкармалык.

Департаменттин маалыматына караганда, «Бишкекжылуулуктүйүнү» ААК, «Кыргызкоммунсоюз» МӨ, «Бишкекжылуулукэнерго» КИ кызматынан колдонгондордун саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу жылуулук энергияга болгон тарифтерди жогорулатууга туура келген.

«Учурда 1300 жылуулук энергия эсептегичтер орнотулган. Башка тургундарга болсо,тарифтер, турак жайдын көлөмү жана ага катталган тургундар карап белгиленет

Ошондой эле департамент, өндүрүш бюджеттик жана башка керектөөчүлөргө жылуулук энергияга болгон тарифтер 2014 жылдын 1 июлунан баштап 1557,25 сом/Гкал болуп белгиленгенин маалымдады. Мурун болсо бул көрсөткүч 930 сом/Гкал түзгөн.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...