Акыркы макалалар

Депутат: Келдибеков жөнүндө токтом кабыл алып парламент өз укугунан аша чапты

"Келдибеков жөнүндө токтом кабыл алып парламент өз укугунан аша чапты". Мындай пикирин бүгүн, 26-июнда парламенттин жалпы жыйынында КСДП фракциясынан депутат Данияр Тербишалиев билдирди.

Депутат кечээ, 25-июнда Жогорку Кеңеш депутат Ахматбек Келдибеков боюнча токтом кабыл алып жатканда анын ордуна башкалар "макул" деп добуш берип койгондугун айтып, нааразы болду.

"Мен ал токтомду колдомок эмесмин. Жогорку Кеңеш өз укугубуздан аша чаап кетип жатабыз. Эгерде Келдибековду үй камагына чыгара турган болсок, анда бардыгын чыгаруу керек. Парламент министрлерге же депуттарга калкан болуп туруп беребиз. Жөнөкөй адамдарга унчукпайбыз. Депутаттардын же министрлердин жаны кымбатпы? Былтыр парламент депутаттар ишеним кат бергенге укугу жок деп чечим кабыл алган. Бирок биз өз чечимибизге өзүбүз каршы чыгып жатабыз. Буга Башкы прокуратура баа берсин",- деди депутат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...