Акыркы макалалар

Журналист Аркадий Бабченко тирүү болуп чыкты

Журналист Аркадий Бабченко тирүү болуп чыкты

Фото: Аркадий Бабченко (ортодо) Киевдеги басма сөз жыйынында. 30-май, 2018-жыл.

Киевде журналист Аркадий Бабченконун өмүрүнө кол салуу инсценировка болуп чыкты. Иштин чоо-жайын украин борборундагы басма сөз жыйында бүгүн журналист өзү айтып берди.

“Мага белгилүү болгондой, бул операция эки ай даярдалган, жыйынтыгы ушул - атайын операция болду. Менин өмүрүмдү сактап калышты, бул үчүн дагы бир жолу ыраазымын, бирок ири масштабдагы теракттар алдын алынды”, - деди журналист.

Бабченкону өлтүрүү пландары тууралуу ал Украинанын Коопсуздук кызматынын бир ай мурда уккан. “Менде бул операцияга катышуу же андан баш тартуу тандоосу болгон жок. Мен өз ишимди аткардым, азырынча тирүүмүн”,- деди журналист.

Буга чейин Бабченко кечээ кечинде Киевдеги үйүнүн кире беришинде атып өлтүрүлгөнү, ал жонуна үч ирет ок тийип, ооруканага алып бара жатышканда тез жардам унаасынын ичинде каза тапканы кабарланган.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров украин бийликтеринин орусиялык журналист Аркадий Бабченконун Киевде атып өлтүрүлүшү үчүн Москва жоопкер деген билдирүүлөрүн четке каккан.

“Украинанын премьер-министри муну Орусиянын атайын кызматтары жасаганы жөнүндө айтып жатат, иликтөө иштери али баштала элек. Эл аралык иштерди алып баруунун мындай модасы өтө өкүнүчтүү”, - деген эле Лавров бүгүн Москвадагы басма сөз жыйында.

Ал эми ФСБнын башчысы Александр Бортников украин тараптын “Бабченкону өлтүрүүнүн артында Орусия турат” деген айыптоосун “чагым “ жана “нонсенс” деп атаганын “Интерфакс” кабарлаган.

Украинанын премьер-министри Владимир Гройсман Аркадий Бабченконун Киевде өлтүрүлүшү үчүн Орусия жоопкер деп эсептеген. “Москвада журналисттин “чынчылдыгын жана принципиалдуулугун” кечиришкен жок, Украинанын чыныгы досу дүйнөгө орусиялык агрессия тууралуу чындыкты айтып турган”,- деп жазган Гройсман өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына.

Бабченконун өлтүрүлүш артында Кремл турат деген пикирин мурдарак Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин дагы билдирген.

Аркадий Бабченко Орусиядан Украинага былтыр кетип, мунун себебин Кремлди сындаганы үчүн коркутууларга кабылып жатканы менен түшүндүргөн.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...