Акыркы макалалар

Бишкек шаарында күн сайын 2 636 кичи автобус каттамга чыгат

Бишкек шаары боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу менен 41 фирма алектенет.

9-июндан 20-июнга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн рейддердин жыйынтыгы менен техникалык жана санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн 119 кичи автобус каттамдан чыгарылган.

119 кичи автобустун ичинен 53 кичи автобустун салонунда орундуктар жетишсиз, 45 кичи автобустун тышкы көрүнүшү талапка жооп бербейт, 9 кичи автобустун айнектери сынып, жарака кеткен, 4 кичи автобус оңдоолорду талап кылса, 4 кичи автобустун полунун төшөлгөсү жараксыз деп табылган.

Иштен четтетилген кичи автобустардын 33 кичи автобусу белгиленген мөөнөттө кемчиликтерди четтетип, ишке кайрадан чыккан.

Эске салсак, Бишкек шаары боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу менен 41 фирма алектенет. Шаардык маршруттарга күн сайын 2 636 кичи автобус чыгат.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...