Акыркы макалалар

Г.Байзакова: “Жапайы өсүмдүктөрдөн көмүр алса болот”

Бүгүнкү күндө өлкөбүздө барган сайын көмүр кени азаюуда. Бул тууралуу УИАнын химия жана химиялык технология институтунда болуп өткөн жыйында илимий кызматкер Гүлмира Байзакова билдирди.

Анын айтымында көмүрдү иштеткенде пиролиз (сырьену аба кошулбаган жол менен алуу реакциясы) процесси жүргүзүлөт. Андан иштелип чыккан заттарды турмушта колдонуу зарылчылы келип чыгып жатат. Ал эми аны иштетүү үчүн атайын технологиялар иштелип чыгып, бүгүн тегерек стөлдө талкууланууда.

Ошондой эле бүгүнкү күндө Кашка-Суу менен Миң-Куштагы көмүрдү кеңири пайдаланабыз. Өлкөбүздө көмүр менен калктын 60 пайызы камсыз болот.

“Көмүрдүн запасы жылдан жылга азайып бара жаткандыктан өсүмдүктөрдөн пиролиз жолу менен көмүр алынып жатат. Ал тамак ашка пайдаланылбаган жапайы өсүмдүктөр. Өлкөбүздө жапайы өсүмдүктөр көп, алардын запасы азайып кетпейт”,-дейт илимий кызматкер.

Кыргызстандагы көмүрдү иштеткенден кийинки калдыктарды зыянсыздандыруу маселелери да талкууга алынды.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...