Акыркы макалалар

Чынчыл жазуучунун чырагы өчтү

Чынчыл жазуучунун чырагы өчтү

Фото: Көчкөн Сактановдун зыйнаты. 22-май, 2018-жыл.

Кыргыз эл жазуучусу Көчкөн Сактановдун сөөгү бүгүн Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Калемгер узакка созулган оорудан улам 20-майда 76 жашында көз жумду. Маркум менен коштошуу зыйнатына чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, калемдештери, жакындары катышты. Замандаштары Сактанов улут адабиятынын тарыхында саясий роман жанрын өнүктүргөн чынчыл жазуучу катары каларын белгилешти.

Көчкөн Сактанов - “Абат дүйнө”, “Сталиндин заманы”, “Чөөлөрдүн заманы” романдарынын, ондогон аңгемелердин, трагикомедиялардын жана очерктердин автору. Окурмандар аны көбүнчө “Маркумдар үнү" аттуу китеби аркылуу жакшы таанышат.

Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакиров Сактановдун кыргыз адабиятына кандай өзгөчөлүк менен келгенин кеп кылды:

- Биздин жазуучулар коммунисттик идеологияга аябай сугарылгандыктан анын торунан такыр чыга албай койду. Көчкөн Сактанов "чындыкты айтыш керек" деген принцип менен жашап, ошондой нукта чыгарма жазды. Орус классикалык адабиятында "сынчыл реализм" деген бар эмеспи. Менимче ал так ошол нукка түшүп, ошол принципте иштеди. Ал коммунисттик заманда деле, андан кийинки доордо да системаны сындоого, системаны иликтөөгө аракет кылды.

Сактанов жазган чыгармаларында эле эмес, журналисттик кесибине байланыштуу жумушунда да өзүнүн сынчыл пикирин тайманбай айтып, ал үчүн куугунтукталган учурлары болгон экен. Бул тууралуу кезегинде "легендарлуу парламенттин" депутаты болгон Илияз Жусубалиев эскерди:

- Бир эле мисал: Сактанов 1970-жылдары Кочкор районунда иш сапарында болуп калат. Кеңеш өкмөтүнүн мезгилинде Кочкор районунда эле 500 миң кой бар эле. Бул жактагы чарбалар тууралуу ал "Кочкордо койлорго мыкты шарт түзүлөт. Бирок адамдардын жашоосу үчүн андай шарт жок" дегендей өтө көлөмдүү сын макала жарыялайт. Ал жерде чарбалар, райондук партиялык босстор катуу сындалат. Бул макала ошол мезгилде республикага чейин чуу түшүрөт. Анан калса Кочкор району Турдукан Усубалиевичтин кичи мекени болуп жатса... Учурунда Сактанов ошол жазган макаласынан улам куугунтук жеп калган.

Көчкөн Сактанов кийинчерээк "Азаттык" радиосу менен кызматташып, тоталитардык доордогу куугунтук курмандыктары тууралуу макалаларды жазып турган. Муну "Азаттык" радиосун 2000-жылдардын башында жетектеген журналист, тарыхчы Кыяс Молдокасымов да белгилеп, жазуучу өзү "Ала-Тоо" журналына чыккан макаласы үчүн кандай куугунтукка кабылганын айтып берди:

- Биз тоталитардык доордо көп эле жазуучуларды "чындыкты айткан" деп айтып келебиз. Бирок алардын ичинен туу башында Көчкөн Сактанов турган. 70-жылдары ал өзүнүн публицистикалык макалаларын жарыялап, ошол макаласы үчүн элүү миңге жакын "Ала-Тоо" журналынын ошол беттери айрылып, Сактановдун ошол макаласы атайын бюродо каралган учур болгон. Анын ошол кезде айткан сыны партиялык боссторго жаккан эмес.

Тарыхчынын баамында жазуучу Көчкөн Сактановдун Иосиф Сталин, Александр Македонский тууралуу жазган соңку тарыхый чыгармалары, Алымбек датка, Курманжан датка тууралуу эмгектери улуттук аң-сезимдин өнүгүшүнө өтө зор таасир эткен.

Эл жазуучусу Мелис Абакировдун пикиринде, Көчкөн Сактанов улут адабиятында төмөнкүдөй өзгөчөлүгү менен калат:

- Көчкөн Сактанов кыргыз адабиятына "саясий роман" деген жанрды өнүктүрүп, ушул багытта из калтырды деп эсептейм. Ал улут адабиятында саясый романдарды жазганы менен калат. Ал көркөм багытта иштеген жазуучулардын арасына деле кошулса болмок. Менимче анын сынчыл көз караштагы принциби анын көркөм ой жүгүртүүсүнө да кедергисин тийгизди деп эсептейм. Болбосо ал кудай берген таланты мол, анан эмгекчил инсан эле.

Сактановдун тун уулу Нурбек Сактанов зыйнат учурунда атасынын ата катары орду тууралуу мындай деди:

- Бизге талапты катуу коёр эле. Эс тартканымдан бери эле атам басса-турса кармаганы китеп болгонун билем. Атамдан мен жакшы тарбия алдым. Ушундай кишинин уулу болгонум үчүн сыймыктанам. Төрт бир тууганбыз. Эң улуусу мен. Менден кийин үч иним, бир карындашым бар.

Нурбек азырынча бир туугандарынын арасынан ата жолун жолдогондор жок экенин, баары башка кесиптерди аркалап жүрүшкөнүн, өзү жекече жазуучулукка кызыгып жүргөнүн айтты.

Көчкөн Сактанов 1942-жылы 10-октябрында Ош облусунун Алай районуна караштуу Кең-Жылга айылында туулган. Эмгек жолу 1959-жылы Көк-Жаңгак шахтасында иштөөдөн башталган. 1968-жылдан тартып ал Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, Мамлекеттик телерадио комитетинде редактор, кийин “Ала-Тоо” журналында бөлүм башчы, “Кыргызфильм” студиясында редактор, Филармонияда бөлүм башчы, “Азаттык” радиосунун кабарчысы, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде окутуучу болуп иштеп келген.

76 жаш курагында Бишкекте каза болгон жазуучунун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...