Акыркы макалалар

Салянованын соту: өкүм күчүндө калды

Салянованын соту: өкүм күчүндө калды

Жогорку сот экс-депутат, мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри Аида Салянованын иши боюнча өкүм чыгарып, Ленин райондук жана Бишкек шаар сотунун чечимдерин күчүндө калтырды.

Өкүм чыгардын алдында Аида Салянова Жогорку сотто акыркы сөзүн сүйлөп жатып, саясий куугунтук жалгыз ушул иш менен чектелбегенин жана ал үч жарым жылдан бери уланып келатканын айткан.

- Кыргызстанда мыйзам боюнча жашоо коркунучтуу болуп калды. Эгерде бирөө-жарымдын пикири мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин көз карашына туура келбесе, коркунучтуу абал жаралышы мүмкүн эле. Адилеттүүлүк уттубу же Атамбаев уттубу, аны бүгүнкү соттун чечими аныктайт, - деген Аида Салянова.

Соттук жараяндын жүрүшүндө Аида Салянованын коомдук жактоочуларына сөз берилген. Жактоочу Нурлан Садыков Салянованын иши башынан эле саясий негизге байланганын, тергөөдө ойго келбес иштер болгонун айткан.

Ушундай эле сөздү дагы бир жактоочу Рабига Садыкова да белгилеп, "Салянова саясий негизде айыпталып жатат" деген.

Жогорку сотто өтүп жаткан жараянга парламент депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Сайдулла Нышанов, Эмил Токтошев, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев, укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Рита Карасартова жана башка тарапкерлер катышты.

8-май күнкү отурумда прокурор айыпты угузуп, буга чейинки соттун чечимдерин күчүндө калтырууну суранган. Андан кийин айыпталуучунун адвокаты Чынара Жакупбекова, соңунда Аида Салянова жарыш сөзүн сүйлөгөн. Салянова күнөөсүн толук четке кагып, иликтөөнүн материалдарында да анын айыбы далилденбегенин билдирген.

Саляновага былтыр Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") айып тагылган. "2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү деп эсептелген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айыптын негизинде Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган.

Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Шаардык соттун чечими күчүнө киргенден кийин быйыл 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.

Экс-депутат бул соттук ишти "саясий буюртманын" негизинде козголгон деп эсептейт. Соңку соттук процесстен кийин Салянова өзүнө карата Жогорку сот калыс чечим чыгарарына ишеним артып жатканын билдирген.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...