Акыркы макалалар

«Салттуу» сугаруу сууну коромжу кылат

«Салттуу» сугаруу сууну коромжу кылат

Айыл-чарба жаатындагы адистер Кыргызстандын ирригациялык системасы эскиргенин, өлкөдө сугат иштерин жаӊы ыкма менен жүргүзүү зарылчылыгы эбак эле бышып жетилгенин айтып, кулак кагыш кылышууда.

Суу чарба департаментинин маалыматында, Кыргызстанда 27 миӊ чакырым ирригациялык каналдар бар. Анын 6 миӊ чакырымга жакыны суу чарба департаментинин балансында болсо калганы суу пайдалануучу ассоциациялардын карамагында.

Өкмөттүн 2017-жылдагы токтому менен 46 ирригациялык объектилерди куруу долбоору кабыл алынган. Анын суммасы 60 млрд сомго чукул. Сугат жердин аянты 65 миӊ 500 гектарга жетет. Быйыл 15 ирригациялык объектте курулуш иштери жүрүп жаткан экен. Суу чарба департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев ишке кирчү объектилер менен алардын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.

— Эгерде биз 2018-жылы алты ирригациялык объектини колдонууга бере турган болсок 710 гектар жаӊы сугат жерин өздөштүрөбүз. Ошондой эле 3202 гектар сугат жердин сууга болгон муктаждыгын жогорулатабыз. Суу чарба тармагы ушул багытта иш алып барууда.

Курулуп жаткан 15 ирригациялык объектинин сегизи республикалык бюджеттен, жетөө инвестициялык каражаттардан, алтоо Кытайдан алынган 32 млн доллар гранттын эсебинен салынып жаткан экен. Ошондой эле Сарымсак каналын оӊдоо боюнча Ислам өнүктүрүү банкынан дагы каражат алуу каралган. Суу чарба департаментинин долбоорлор менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Кыдыкбек Бейшекеев мындан башка дагы долбоорлор тууралуу буларга токтолду.

— Айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча дагы долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Анын бюджети 38 млн АКШ доллары болот. Бул 2016-жылдын 14-сентябрында башталган, 2022-жылдын 30-июнда бүтөт. Максаты 30 АВП тандалып алынып, ички суу тармактары боюнча реабилитация болот. Ага 28 млн доллар бөлүнүп жатат.

Суу чарба департаментинин кабарлашынча бүгүнкү күндө өлкөдө 412 км ирригациялык каналдар оӊдоо-түздөө иштеринен өтүп, 369 км канал тазаланган экен. 3400 километрге жакын суу түйүндөрү оӊдолуп, 102 насостук станция калыбына келтирилген жана 39 скважина оӊдолгон.

Кыргызстанда Суу пайдалануучу ассоциациялардын саны 490го жетет алар жалпы сугат аянттарынын 73 пайызын тейлейт. Бирок алардын дагы маселелери көп экенин Суу пайдалануучу ассоциацияларды колдоо бөлүмүнүн жетекчиси Уланбек Төрөгелдиев айтып жатат.

— Чогулган акча толук кандуу жетпегендиктен директор тарабынан каттар жөнөтүлүп, айыл өкмөт башында турган жетекчилер, айылдык кеӊештин депутаттары, эл ашар ыкмасы менен ички чарбалык иштерди кылып жатышат. Биз жер-жерлерде ушундай түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

Деген менен Кыргызстандын ирригациялык системасына, сугат иштерине айтылган сын көп. Бул жааттагы адистер өлкөнүн ирригация системасы эбак жедеп эскиргенин, заман талабына жараша жаӊы сугат иштерин өздөштүрүү зарылчылыгы жаралганын айтып келишет. Фермер Манас Саматов Айыл чарба министрлиги дыйкандарга тамчылатып сугаруу сындуу үнөмдүү жолдорду жайылтыш керек деп эсептейт.

— Салттуу жээктеп сугарууну ээрчип бара берсек ал суунун тартыштыгына алып барууда. Айдоо аянттар көбөйүп жаткандыктан сууну антип жеткире албайбыз. Ошондуктан тамчылатып сугаруу, жамгыр менен сугарууга өтүшүбүз керек. Мен бул багытта алгылыктуу жылыштарды көргөн жокмун. Эски ирригациялык система менен иш кылсак суу талаага кетип жатат. Аймактарда болсо сууну бөлүштүргөндөр өзүнчө эле падыша болуп алышкан.

Бул жаатта дегиле Айыл чарба министрлигинин ишине сын көп айтылып келет. Жакында эле прмьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дагы министрликтин ишин жактырган эмес. Кадрлар көп болгону менен алардын аткарган иши чеке жылытарлык болбой жатканын айткандар четтен чыгат. Мисалы Суу чарба департаментинде эле 4 миӊден ашык кызматкер иштейт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...