Акыркы макалалар

Бишкекте көчө спорту жана искусствосу фестивалы өтөт

26-июнда Бишкекте көчө спорту жана искусствосу фестивалы өтөт.

Блоггер Кайрат Бекмамбетовдун айтымында, фестивалдын уюштуруучулары жаштарды маданий-спорттук кыймылга тартуу максатында 26-июнь Эл аралык баңгиликке каршы күрөшүү күнүндө өткөрүү белгиленген. Фестивалда бардык каалоочулар үчүн заманбап бий боюнча бекер мастер-класс өтүүчү Алматынын мыкты хореографтарынын бири чакырылган. Аталган хореограф алдыда боло турчу бий чемпионатында судья катары катышат.

“Иш-чаранын алкагында спорттун көчө түрү Street Workout боюнча мелдеш, заманбап бий жана граффити-шоу боюнча чемпионат болот”-деп билдирет К.Бекмамбетов.

“Жаштарды көбүрөөк тартуу максатында, бий менен катар азыркы күндө Кыргызстанда жигердүү өнүгүп жаткан көчө спортунун “Street Workout” түрү боюнча мелдеш өткөрүүнү чечтик”-дейт фестивалдын уюштуруу комитетинин өкүлү Атай Бейшенбек уулу.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...