Акыркы макалалар

Мэр Ибраимов депутаттар аны эмне себептен иштен алууга кызыктар экенин айтты

Мэр Ибраимов депутаттар аны эмне себептен иштен алууга кызыктар экенин айтты

Бишкек шаардык кеңешинин айрым депутаттары калаада кээ бир курулуштарды салууга уруксат бербегеним үчүн мени иштен алууга кызыктар болуп жатышат. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Албек Ибраимов айтып чыкты.

Анын билдиришинче, Шаардык кеңештеги бир топ депутаттар корпоративдик жана жеке кызыкчылыктарды коргоп жатышат.

“Мисал катары айтсак, Жогорку Кеңеште бир күн мурун өкмөттүн отчетун канааттандырарлык деп таап, жалпы сессияда кайрадан каршы добуш берип коюшту. Бул жерде саясий кызыкчылык болгону ачык эле көрүнүп турат. Бишкек шаардык кеңешиндеги абал да так эле ушундай. Мэрдин ишине жакшы баа бергендер 2 айдан кийин канааттандырарлык эмес деп жатышат. Эки айда эмне өзгөрмөк эле?”, — деди мэр.

Ибраимов ошондой эле отставкага кетүүгө ниети жок экенин айтып, бирок шаардык кеңештин чечимине баш иерин билдирген.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэри калаа тургундары менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...