Акыркы макалалар

Кыргыз мигранттын ролун аткарган актриса Канн фестивалында жеңүүчү болду

Кыргыз мигранттын ролун аткарган актриса Канн фестивалында жеңүүчү болду

Казакстандык актриса Самал Еслямова “Айка” фильминде башкы ролду жаратканы үчүн Канн фестивалында “аялдын мыкты ролу” үчүн сыйлыгына татыды. Франциядагы Канн фестивалынын 71-айлампасынын жеңүүчүлөрү 19-майда кечкисин жарыяланды.

Орусиялык режиссер Сергей Дворцевыйдын “Айка” тасмасы Кыргызстандан Орусияга барып, кыйын турмушка кабылып, төрөгөн баласын таштап кеткен келиндин турмушу жөнүндө баяндайт. Социалдык драмада мигранттардын жашоосу кенен чагылдырылган.

"Кайсы жыл экени эсимде жок, бирок Орусияга келген кыргызстандык 250 аял балдарынан баш тартып, төрөтканаларга таштап кетип калганын окуп калдым. Бул мага абдан таң калычтуу болду. Анткени мен өзүм Москвада жашаганым менен, Казакстанда туулган орус тектүүмүн жана Орто Азиянын жашоосун жакшы билем. Ал жакта аялдарга өтө аяр мамиле жасашаарын билчүмүн. Ошон үчүн мага бул адамдар эмне үчүн балдарынан баш тартып жатышканы абдан таң калычтуу болду”,-деп билдирген буга чейин режиссер Сергей Дворцевый орусиялык телеканалдардын бирине.

Канн фестивалынын 70-айлампасынын баш сыйлыгы - "Алтын пальманы” быйыл жапон режиссеру Хирокадзу Корээда “Дүкөнчү ууру-кескилер” аттуу тасмасына берилди. Эң мыкты фильм номинациясынын жеңүүчүсү көчөдө калган баланы багып алган майда уурулар жөнүндө баяндайт.

Ал эми “эркектин мыкты ролу” үчүн сыйлыгы режиссер Маттео Гарроненин “Ит багаар” ("Собачник") тасмасында рол жаратканы үчүн Марчелло Фонтеге ыйгарылса, “мыкты режиссер” наамы “Суук согуш” ("Холодная война") тасмасы үчүн польшалык Павел Павликовскийге берилди.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...