Акыркы макалалар

Боом капчыгайында күнү-түнү иштөөчү тез жардам пункту ачылат

27-июнда “Human Appeal International UEA” аталышындагы Эл аралык Кайрымдуулук коомунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Бишкек-Торугарт унаа жолунун 125 км чакырымындагы Боом капчыгайында салынган күнү-түнү иштөөчү медициналык тез жардам пунктунун ачылыш аземи болот.

Боом капчыгайында медициналык тез жардам пунктунун имараты 3 айда курулуп бүткөн. Жаңы имарат медицина жабдыктары жана эмеректер менен толукталган. Медицина кызматкерлери вахталык ыкма менен иштешет. Медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Ошондой эле медицина кызматкерлеринин турак-жайлары жана эмгек акыларын жогору төлөө каралган.

Бул долбоорду ишке ашырууда Кемин райондук мамлекеттик администрациясы чоң салым кошкон.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...