Акыркы макалалар

Ысык-Көл облусунда 700 фермер багбанчылыкка окутулууда

Ысык-Көл облусунда KARAGAT+ долбоорунун алкагында жалпысынан 700 үй-бүлө же фермер багбанчылыкка окутулууда. Алар аймактын 5 районундагы 15 айыл округдарынан тандалып алынган. Ар бир топко 15тен адам чогултулуп, бир ай боюу багбанчылык, огороддо өстүрүлгөн жер-жемиштер менен алма-бактарды кантип кароо жана зыянкечтерден арылтуунун ыкмаларын үйрөнүшөт.

“Облусубуздун туризм менен алектенбеген аймактарында жумушсуздук маселеси жогору. Ошол эле учурда алардын багбанчылыкты өнүктүрүүгө, үй-бүлөлүк кирешесин жогорулатууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Биз калктын бул катмары үчүн керектүү кеп-кеңештерди берүүдөбүз. Анткени кээде колдо бар мүмкүнчүлүктү пайдалана албай калган да учурлар жок эмес. Быйыл Польшадан 6 миң карагаттын көчөтүн алып келип, фермерлерге өз баасында (62 сомдон) таратып бердик. Буюрса 2-3 жылда алар карагаттын түшүмүн алып калышат”,- деди фермерлерди окутуу борборунун жетекчиси, агроном Маратбек Букараев.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...