Акыркы макалалар

Жергиликтүү кеңештердеги шайлоодо элдин 38% добуш берди

Жергиликтүү кеңештердеги шайлоодо элдин 38% добуш берди

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо саат 17:00гө карата 17 502 адам добуш берди. Бул тизмеге кирген жалпы шайлоочулардын 38,51 пайызын түзөт. Алты жергиликтүү кеңештеги шайлоого бардыгы болуп 45 447 шайлоочунун тизмеси киргизилген.

- Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинде 43.75%;

- Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинде 41.96%;

- Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеӊешинде 39.89%;

- Токтогул шаардык кеңешинде 39.13%;

- Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеӊешинде 35.85%;

- Сокулук раонунун Сокулук айылдык кеӊешинде 27.52% шайлоочу катышты.

Бүгүн, 13-майда бир шаардык жана беш айылдык кеңеште шайлоо өтүп жатат. Бардыгы болуп 126 депутат шайланат - 21и шаардык кеңештерге жана 105 айылдык кеңештерге. Добуш берүү 27 шайлоо участкасында болуп жатат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...