Акыркы макалалар

Азаматтар! Кикбоксчулар Касымбеков менен Аманбеков Азия чемпиону болушту

Азаматтар! Кикбоксчулар Касымбеков менен Аманбеков Азия чемпиону болушту

Эки спортчу тең дүйнө чемпиону болгондуктан мелдешти дароо финалдан баштап, кикбокстун лоу-кик бөлүгүндө чемпион аталышты.

Кыргызстандык кикбоксчулар Улан Касымбеков менен Авазбек Аманбеков Азия чемпионатында алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу маалыматты спортчулар өздөрү тастыктады.

Эки спортчу тең дүйнө чемпиону болгондуктан мелдешти дароо финалдан баштап, кикбокстун лоу-кик (бут менен көбүрөөк иштөө. — ред.) бөлүгүндө чемпион аталышты.

Касымбеков 54 килограмм салмак ченинде индиялык мушкер Сушим Кумарды беттештин экинчи раундунда хай-кик (бут менен сокку узатуу — ред.) ыкмасы менен жеңсе, Аманбеков 57 килограмм салмак категориясында ирактык Жасим Алмиртаханы упайдын эсебинду утту.

Улан Касымбеков — Азиянын үч жолку чемпиону (2012, 2015, 2018), дүйнө чемпиону (2015), дүйнө кубогунун эки жолку ээси (2012, 2014). Спорттон тыш ырчылык менен алектенет.

Авазбек Аманбеков — Азиянын эки жолку чемпиону (2017, 2018), Азия оюндарынын чемпиону (2017), дүйнө чемпиону (2013-жыл). Улуттук гвардиянын лейтенанты.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...