Акыркы макалалар

Кыргызстандык рефери Бахадыр Кочкаров ДЧ-2014тө экинчи матчын тейлейт

Кыргызстандык калыс Бахадыр Кочкаров Бразилияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатындагы экинчи матчын тейлейт.

ФИФАнын расмий сайты кабарлагандай Кочкаров Хорватия - Мексика курамаларынын беттешин башкы калыстын жардамчысы катары кызматын көрсөтөт. Оюн 24-июнда Бишкектин убактысы боюнча түнкү саат 02.00дө өтөт.

Кыргызстандык калыс мурдагыдай эле өзбекстандык рефери Равшан Ирматов жана анын жардамчысы Абдухамидулло Расуловдун бригадасында төртүнчү калыс болот.

Эске салсак, бул матч Ирматовдун бригадасы чемпионаттын алкагында тейлеген экинчи матч. Биринчисин 15-июнда Швейцария - Эквадор беттешине калыстык кылышкан.

Белгилей кетсек, 2010-жылы Кочкаров Ирматовдун бригадасында да дүйнө чемпионатын тейлеген. Анда ТАР менен Мексиканын ачылыш матчын жана Уругвай менен Нидерландын жарым финалдык матчында кызматын көрсөтүшкөн.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...