
Ысык-Көлдөгү “Аврора” санаторийинде тамактан ууланган спортчулар ооруканадан чыкты. Бул тууралуу облустагы аймактык оорукананын башкы дарыгери Альмира Алдашева “Азаттыкка” билдирди.
Чолпон-Атада башталган кикбоксинг боюнча Азия чемпионатына келген чет өлкөлүк спортчулар тамакка ууланганы 8-майда белгилүү болгон. 7-майда эртең менен саат ондордо уулануунун алгачкы белгилери пайда болуп, адегенде жети киши ооруканага жаткырылса, кийинчерээк алардын саны 18 адамга жеткен.
Уулангандардын арасында Ирандын бир жараны жана Бириккен Араб Эмираттарынын алты жараны болгон.
Алар жеген тамак-аштан анализ алынган, анын жыйынтыгы эки-үч күндөн кийин белгилүү болот.
Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org
Азырынча бир да пикир жок...