Акыркы макалалар

Фрунзенин үйү кайда? Бишкектеги музей жөнүндө фактылар

Фрунзенин үйү кайда? Бишкектеги музей жөнүндө фактылар

Михаил Васильевич Фрунзенин мамлекеттик мемориалдык үй-музейи — Бишкектин өзгөчө имараттарынын бири.

Ал тээ 1926-жылы курулган. Аны түптөөдө республиканын Борбордук музейиндеги экспозициялардын бир бөлүгүн – 1925-жылы жердешибиздин элесине арналган көргөзмөнүн материалдарын пайдаланышкан. Музей алгачкы меймандарын 1927-жылдан тарта кабыл ала баштаган.

Ал узак убакыт бою перпендикуляр турган эки үйдө: бири Фрунзе көчөсүндө, экинчиси Биринчи Май (азыркы Раззаков) көчөсүндө жайгашкан.

1960-жылы жаңы музей куруу чечими кабыл алынат. Долбоордун авторлору архитекторлор Юрий Карих жана Геннадий Кутателадзе болгон. Башкы экспонаты – алар тарабынан сакталып калган саман менен согулуп, үстү камыш менен жабылган үй. Тамды жаңы курулуштун ичинде калтырышкан.

Геннадий Платонович бул эмгекти жаратуу аябай татаал болгонун айтат. Биринчиден, бөлүнгөн тилке абдан кичине, экинчиден, жашылдандырууга жетишсиздик кылган. Жанында Кыргыз драма театры бар эле, музейге жетишерлик аянт бошотуу үчүн аны акырындык менен бузушкан.

Музейдин эң кызык экспонаты — тарыхчылар менен архитекторлор кыйындыгына карабай сактап калган имарат ичиндеги үй. Экинчи кабатын толук айнектөө да каралган. Кийин элетти элестеткендей үйдү сактоо керек деген пикирге келип, айланасынын азыраак гана бөлүгүн айнектешкен. Ошондуктан шөкөттөлгөн айнек биринчи гана кабатында бар.

Долбоорлоого ондогон жылдар, ал эми музейдин курулушуна 3 жыл сарпталган. Имараттын туурасы 12 метр. Ичин жасоодо салыштырмалуу арзан материалдар, ошондой эле азыраак гранит жана мрамор колдонулган. Үч кабат объект тургузулгандан кийин үй-музейдин аянты 240 чарчы метрден 2 000ге чейин көбөйгөн. Курулуш 1967-жылы, дал мааракелик күнгө – Октябрь революциясынын 50 жылдыгына карата аяктаган.

Тарыхчылар үй-музейди биринчи жаңыртуу иши 1937-жылы эле башталганын эскеришет. Анда үйдү таанылгыс кылып кайра курушкан. Камыш чатырды темирге алмаштырып, ага экспозициялык зал кошулган. Үйдү узартып, терезе коюлчу жерлерди чоңойтуп, терезенин капкагын да алып салышкан. Михаил Фрунзенин ата-энесинин үйүндө көргөзмө уюштуруп, короодогу чакан үйдү музей кылышкан.

Бүгүн музейге келгендерге жанагы эски үй советтик кол башчынын ата-энесинин үйү деп таанытып, анын жасалгаланышы, абалы Кыргызстандын шаардык жашоочуларынын XIX кылымдыын аягы, XX кылымдын башындагы тиричилигин чагылдырат деп айтып беришет. Бирок тарых билермандары үй-музейдин айнегинин аркасындагы там фельдшер Василий Фрунзенин үйү эмес, ал киши тарабынан үйүнө улай 1879-жылы салынган, жайында пайдаланылчу, бейтаптарды көрчү гана курулуш экендигин айтышат. Үйдүн өзүн музей комплексин курууда бузушкан. Дал ошол там азыркы сакталганына тик жайгашчу экен. Аны эч сактай алышмак эмес, себеби, жаңы музейди Фрунзе көчөсүнүн боюнда куруу чечими кабылданган. А бирок ал там идеологиялык себептерден улам бузулганын болжогон билермандар да жок эмес — советтик ири ишмер чоң үйдө туулуп-өскөнү кантип болсун! Ошондуктан бетон-айнек түзүлүштүн алдында бүгүн короо-жайга улашкан гана чарбалык курулуштары сакталат.

Бирок, мында кеп бул менен да бүтпөйт. Документтер боюнча Михаил Фрунзенин ата-энесине коңшулаш тилке да таандык болгон. Ал жерде азыр музейдин желдетүү тутум комплексинин бөлүгү болгон фонтан курулган. Баса, шаардын чок ортосунда чоң аянттар “бош” турганына капа болгон жергиликтүү ишкерлер фонтандын ордуна жаңы объект курууга уруксат сурап кайрылышкан.

Шаар курулушчулары Фрунзе музейин аша чаап кетпеген монументализмдин үлгүсү, ошол эле учурда болушунча жупуну архитектуралык эмгек катары белгилешет. Каалгасы башка шаан-шөкөттүү имараттардыкындай ортосунан эмес, бурчунан чыгарылган. Кире беришинде дал ортодогу устунга тургузулган тепкичтери дароо көзгө урунат. Эстелик катары болгону менен алар жалпы түзүлүшкө кандайдыр жеңилдик берип тургандай. Музейдин алдындагы чакан аянтчада Тянь-Шань карагайлары отургузулган.

Имараттын бет маңдайы революция жана Жарандык согуш темасындагы жапыз рельефтүү скульптуралык сүрөт менен кооздолгон. Ал сүрөтчү-монументалисттер Александр Воронин жана Алексей Каменскийдин эмгеги. Музейдин каалгасынын үстүндө Михаил Фрунзенин жезге чегилген сүрөтү тагылган.

Азыркы чакта музейде негизги фонддун 13 миңге жакын экспонаты бар. Алар – түп нускалар: кол башчынын туугандары жана жакындары тарабынан тапшырылган жеке буюмдары, куралдары жана документтери, ошондой эле эмерек, идиш-аяк, ал кишинин өздүк китепканасы. Мында кол башчынын элесине багышталган сүрөт чыгармалар, эстеликтер да коюлган.

Экинчи кабаттагы көргөзмө залында ар кандай белгилүү даталарга арналган тематикалык көчмө көргөзмөлөр уюштурулат. Үчүнчү кабатында кинолекторий жана 570 чарчы метр аянттагы экспозициялык зал бар.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...