Акыркы макалалар

Премьер Ж.Оторбаев КРдагы Ага Хан өнүктүрүү тармагынын башчысы Н.Мавани менен өнүктүрүү долбоорлорун талкуулады 17 июня 2014, 17

Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев Ага Хан өнүктүрүү тармагынын Кыргызстандагы башчысы Нуржехан Маванини кабыл алды. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн аппаратын маалымат камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууну ачып жатып, Ж.Оторбаев өлкөдөгү социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн Ага Хан өнүктүрүү тармагына ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал республиканын аймактарында билим берүү, медициналык кызматтарды жакшыртуу, кичи каржылоо, энергетика, агро иштерин колдоо, ошондой эле таза суунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча тармактын иштерин кеңейтүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Премьер-министр жакында Нарын шаарына болгон иш сапарында Борбордук Азия университетинин (БАУ) курулуш комплексинде болгонун айтып өттү.

“БАУ иш орундарын түзүүдө, Нарын облусунун социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга инвесторлорду тартууда жакшы мүмкүндүк түзүүчү маанилүү долбоорлордун бири. Биз мекеменин курулуш ишинин тез арада бүтүшүнө кызыкдарбыз”, - дейт премьер-министр.

Өз кезегинде Н.Мавани өкмөт башчысына долбоордун иштери жөнүндө маалымат берип, АХӨТ мындан ары да аймактарды өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүнү улантаарын билдирди.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...