Акыркы макалалар

Оппозициядагы фракциялар өкмөттүн отчетун угуудан баш тартышты

Оппозициядагы фракциялар өкмөттүн отчетун угуудан баш тартышты

Парламенттин оппозициядагы фракциялары премьер-министр Сапар Исаков өзү келбегени үчүн өкмөттүн 2017-жылга карата баяндамасын угуудан баш тартышты. "Ата Мекен", "Республика - Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары жыйынга өкмөт башчы өзү келиши керек экенин айтышты.

13-апрелде депутаттарга баяндама жасаганы вице-премьер-министр Даир Кенекеев келди. Башында жыйынга Сапар Исаков да катышары кабарланган эле. Өкмөттүн басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, премьер-министр Чүйдүн Москва районуна жумушчу сапар менен кеткендиктен, парламентке Кенекеев барган.

Планга ылайык, өкмөттүн отчетун түштөн кийин "Кыргызстан" фракциясы да угушу керек.

11-апрелде КСДП фракциясы өкмөттүн ишин канааттандырарлык деп тапкан.

Сапар Исаков жетектеген өкмөт былтыр августта куралган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...