Акыркы макалалар

Быйыл Талды-Булак Сол жээк жана Бозымчак кендери ишке киргизилет

Быйыл Талды-булак Сол жээк жана Бозымчак кендерин ишке киргизүү пландалып жатат. Бул тууралуу бүгүн,16-июнда Бишкекте болгон басма сөз жыйынында Экономика министри Темир Сариев билдирди.

Анын айтымында, жаңы ишканаларды ачуу жана учурда токтоп турган ишканаларды кайра ишке киргизүү Ички дүң өндүрүмдүн прогноздолгон өсүш көрсөткүчүнө жетүүгө мүмкүнчүлүк түзмөкчү.

"Быйыл Кара-Балтадагы жана Токмоктогу мунайды кайра иштете турган заводдордон тышкары айнек жана электр лампа чыгара турган заводдорду ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Бул үчүн жергиликтүү бийлик, эл инвесторлордун иштөөсүнө тоскоол болбой, тескерисинче шарт түзүш керек",- дейт ал.

Эскерте кетсек, ИДӨнүн көлөмү жылдын башынан бери 120,8 млрд 855,9 млн сом сомду түзгөн. Ал эми 5 айда ИДӨнүн өсүш ыргагы 4,3 пайызга жетип, өсүш ыргагы эки эсе төмөндөгөн. Өткөн жылдын ушул маалында бул көрсөткүч 8,5 пайызга барабар болгон эле.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...