Акыркы макалалар

12-апрелден тарта Бишкекте “Акылдуу шаар” долбоору ишке киргизилет

12-апрелден тарта Бишкекте “Акылдуу шаар” долбоору ишке киргизилет

КР өкмөтү 12-апрелден тарта Бишкекте “Акылдуу шаар” долбоорун ишке киргизет. Бул тууралуу Сапар Исаков КСДП фракциясынын жыйында өкмөттүн 2017-жылда аткарган иштери боюнча отчет берип жатып билдирди.

Анын айтуусунда, эртеңки күндөн тарта калаада жол эрежесин бузгандарды каттап кала турган үч видео көзөмөл иштей баштайт.

“Камералар Байтик Баатыр/Горький, Байтик Баатыр/Ахунбаев жана Байтик Баатыр/Токомбаев преспектилеринин кесилишине орнотулду”,-деп билдирди Исаков.

Өкмөт башчы билдиргендей, бул жабдыктар сынамык режимде үч ай иштейт. Андан соң бузуучуларга айып тууралуу квитанция жөнөтүлөт.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...