Акыркы макалалар

Түрк бийлигинин тынчын алган «гүленчилер» кимдер?

Түрк бийлигинин тынчын алган «гүленчилер» кимдер?

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстандын мамлекет башчысы Жээнбеков менен болгон жолугушуусунда Фетхуллах Гүлендин жамаатына каршы күрөшүүнү сунуштады. Анда Эрдоган кыргыз-түрк мамилесинин солгундашына себеп катары да “гүленчилерди” атады. Жээнбеков анын бул чакырыгына карата өз пикирин билдирбесе да, Түркия президенти мамлекет башчынын сапарын “гүленчилерге” каршы эң жакшы жооп деп сыпаттады. Түрк бийлигинин мындай сунушу Кыргызстанга биринчи жолу берилип жаткан жок. Буга чейин тектеш өлкөнүн Тышкы иштер министри Мевлүд Чавушоглу Кыргызстанды сак болууга үндөп, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин катуу сынына кабылган жайы бар.

Түрк бийлигинин тынчын алган “гүленчилердин” Кыргызстанга эч кандай зыяны тийбейт. Фетхуллах Гүлендин демилгеси менен ачылган “Сапат” билим берүү мекемелеринин окуучулары эл аралык олимпиадаларда Кыргызстандын намысын коргоп келет. Аны менен катар бүтүрүүчүлөрү өлкөнүн ар кайсы мекемелеринде иштеп келе жатат. Мындай пикирин мурдагы экономика министри Эмил Уметалиев айтты. Ал Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгон соң мындай маселелерде өзүнүн кызыкчылыгын жогору коюп, башка өлкөлөрдүн таасирленбеши керектигин белгиледи.

-“Сапаттын” бүтүрүүчүлөрү азыр ар кайсы жерде элине-жерине акылы, жүрөгү менен кызматын кылып, салымы көбөйүп келе жатканына күбөбүз. Ошондуктан улуттук кызыкчылыгык үчүн прагматикалык түрдө негиздөөчүсү ким экенин тааныбасак дагы, кандай иш жасап жатканын билбесек да бул мектептердин элибизге пайдасы көп, зыяны жок экенин билдик. Муну көп жылдан кийин түшүндүк.

Түбү түркиялык, азыркы учурда ден соолугуна байланыштуу АКШнын Пенсильвания штатында жашап жаткан Фетхуллах Гүленди дүйнөлүк расмий маалымат булактары жазуучу, коомдук ишмер деп жазып келишет. Ал 2009-жылы таасирдүү 500 мусулмандын катарына кирген болсо, 2013-жылы ушул тизмеде 11-орунда жайгашкан. Ошондой эле Time журналы аны дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 адамдын бири катары санаган. Өзүнүн эмгектеринде Тарых илимдеринин кандидаты Аскарбек Беделбаев да анын эмгектери менен таанышып көрүп, билимге маани берерин байкаган.

-Гүлендин окумуштуу катары: “Билим аркылуу гана бардык ийгиликке жетүүгө болот”- деп айтканы бар. Ал – динди биринчи орунга койгон окумуштуу. Анын эмгектери менен учкай таанышып көргөм жана мага жылуу пикир калтырган.

Фетхуллах Гүлен терроризмге каршы экенин айтып: “Мусулман террорист эмес, террорист мусулман боло албайт”,-деген пикирин айтып келет. Ошондой эле ал мындай кадамга барган мусулман тозокко түшөрүн да эскерткен. Аалымдар кеңешинин мүчөсү, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов да Гүлендин эмгектери менен таанышып, өзү менен да жолуккан. Ал китептеринде Түркияга болгон кусалыгын, сүйүүсүн айтканын белгилеп, башкаларды да мекенин сүйүүгө үндөрүн айтты. Гүленден үлгү алып жашаган адамдардан чочулоо туура эместигин белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду.

-Чыңгыз Айтматов да учурунда ал киши менен жолугуп, китептери менен таанышып, жакшы баа бергенин коомчулук билет. Алдыга умтулган, ыймандуулукту биринчиге койгон, элге-жерге кызмат кылсам деген жаштарды тарбиялоодо орду зор экенин кубануу менен айтам. Сөздөрүндө, эмгектеринде чектен чыккан, террордук маанайды байкаган жокмун. Анткени ал Ислам баалуулуктарына шайкеш келтирип, айрыкча патриоттуулукка үндөгөн сөздөрдү колдонгонун көп билем.

Фетхуллах Гүлендин тарапташтары Түркияда таасирдүү болгону менен андай көрүнүш Кыргызстанда байкалбайт. Эгерде мамлекеттик коопсуздукка коркунуч туулган аракеттер көрүнсө, тиелешүү укук коргоо органдары чара колдонушу керек. Бирок андай максатты көздөгөн топтор ачыкка чыгып кармалып жатат, “гүленчилердин” андай таасири жок экенин журналист Бакыт Орунбеков билдирди.

-Кыргызстанда да мамлекеттик төңкөрүш ишине катыштыгы болгон күчтөр бар экендигин байкаган жокмун. Биздин коомго тынчтык бербей, Конституцияга каршы келген аракеттерди кылган топтор ачыкка чыгып таанылып жатат. Бизде террористтик деп саналган уюмдардын ишине соттор аркылуу тыюу салынган.

Кошумчалай кетсек, 2016-жылы Түркияда бийликти күч менен басып алуу аракети болуп, бирок ишке ашпай калган. Эрдоган мындай аракетти Фетхуллах Гүлендин жактоочулары жасады деп, аларды “террорист” катары сыпаттаган. Анын негизинде 18 айлык аскердик төңкөрүш аракетинен кийинки Өзгөчө кырдаал убагында 160 000 киши камалып, 152 000 киши себепсиз жумуштан айдалган. Алардын көпчүлүгүн мугалимдер түзүп, аскер адамдарынан тарта сот, прокурор, илимпоз жана журналисттерге чейин бар. Бирок Гүлен өзүнө коюлган дооматтарды четке кагып, аны “кандуу спектакль” деген баасын берген. Бириккен улуттар уюму Түркиядагы башаламандыкты уюштургандар “гүленчилер” деп айтууга жетиштүү далилдер жок экенин айтып келет.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...