Акыркы макалалар

Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкка байланыштуу кимдер иштен алынды? (тизме)

Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкка байланыштуу кимдер иштен алынды? (тизме)

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсык боюнча тартиптик чаралар кабыл алына турган жактардын тизмесин жарыялады.

Буга чейин жылуулук борбордун директору Нурлан Өмүркул уулу кызматынан алынган. Ага кошо борбордун жетекчилик курамынын бир катар кызматкерлерин ээлеген кызматынан бошотуу сунушталууда.

“Электр станциялары” ишканасында:

-Ишенимдүүлүк жана коопсуздук техникасы кызматынын начальниги Сергей Абдулхаировго катуу сөгүш;

-Техникалык директор Алмаз Жусупбеков – кызматынан бошотуу;

-Гидротехникалык кызматтын начальниги Кубанычбек Манкиев – кызматынан бошотуу;

-Жылуулук техникалык жабдууларын пайдалануу жана ремонттоо кызматынын начальниги Урмат Мамбетов – кызматынан бошотуу;

-Башкы директордун биринчи орун басары Бердибек Боркоев – кызматтан бошотуу.

“Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК боюнча:

“Улуттук энергетикалык холдинг компаниясыынын” башчысынын орун басары Нурлан Садыковго – катуу сөгүш;

Энергетикалык тармакты көзөмөлдөгөн мамлекеттик органдар боюнча:

-Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Уланбек Рыскуловго, анын орун басары Азамат Оморовго катуу сөгүш;

Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Болот Жусуевге катуу сөгүш жарыялоо тапшырмасы берилди.

Эске салсак, өкмөт башчы Сапар Исаков ведомстволор аралык комиссиянын корутундусу менен таанышты. Анда ал Улуттук энергохолдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиевди жана «Электр станциялары» ААКнын башкы директору Узак Кыдырбаевди ээлеген кызматынан бошотуу тапшырмасын берди.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...