Акыркы макалалар

Христиандар Пасха майрамын белгилеп жатышат

Христиандар Пасха майрамын белгилеп жатышат

Бүгүн христиандар Пасха майрамын белгилеп жатышат. Бул күн сыйынуулар, ырым-жырымдар менен коштолот. Майрам күнү атайын таттуу токочтор бышырылат.

Православ христиандар Пасха майрамын белгилөөнү Бишкектеги борбордук чиркөөдө 8-апрелге караган түнү башташты. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бул диний майрамга карата куттуктоо жолдоду.

Пасха христиан дининде Иса Машаяктын тирилген күнү катары саналат.

Кыргызстанда 40тан ашуун православ чиркөөсү христиандарга кызмат кылат. Өлкөдө христиан динин туткандар элдин 16% түзөрү айтылат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...