Акыркы макалалар

Бекешев: Көпчүлүк коалицияны таркатууга аракеттер болууда

Бекешев: Көпчүлүк коалицияны таркатууга аракеттер болууда

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияны таркатууга аракеттер болуп жатат. Бул тууралуу маалыматты “Марал” радиосуна КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев тастыктады.

Бекешев көпчүлүк коалицияны таркатууга кызыктар адамдар бар экенин кошумчалап, таркап же таркабашын убакыт көрсөтөрүн айтты.

Айта кетсек, бүгүн, 5-апрелде парламенттин жалпы жыйынына 113 депутат каттоодон өтүп, 20га жетпеген эл өкүлү катышты.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияда “КСДП”, “Кыргызстан”, “Бир бол” фракциялары бар.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...