Акыркы макалалар

“Ала-Тоо” кыргыз журналы өзбек тилине которулат

“Ала-Тоо” кыргыз журналы өзбек тилине которулат

“Ала-Тоо” кыргыз адабий-көркөм журналынын бир саны бул жылы өзбек тилине которулуп, Ташкентте чыгарылат. Бул тууралуу ӨРнын жазуучулар союзунун төрагасы, “Өзбекстан-Кыргызстан” достук коомунун төрагасы, өзбек эл жазуучусу Мухаммад Али достук коомунун жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, кыргыз кесиптештери менен “Шарк юлдузи” журналынын бир санын кыргызчага которуп, Бишкекте басып чыгаруу боюнча келишим түзүлгөн.

“Өзбек жана кыргыз окурмандары бул басылмалар менен өз тилинде жакындан таанышып чыгышсын. Менимче бул долбоор келечекте эки калктын достугун бекемдөөдө зор салым кошот. Бул демилгени ишке ашырууда бардыгыңыздарды жигердүү катышууга чакырам”,-деп билдирди Мухаммад Али.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...