Акыркы макалалар

Ажатканадан ажал тапкандардын жакындары сот иштерине нааразы

Ажатканадан ажал тапкандардын жакындары сот иштерине нааразы

Нурланбек кызы Гүлмайрамдын апасы 2012-жылы, Кара-Суу базарындагы ажаткана көчүп түшкөндө каза болгон. Каргашалуу күндүн эртеси Гүлмайрамдын тою болмок. Маркум кызына сеп жасоого базарга барган эле... Учурда Гүлмайрамдын айтымында Соттук териштирүүлөр акыйкат жүрбөй жатат, каза болгондордун бирине да компенсация төлөнгөн эмес. Апасынан ажыраган балдары учурда жардамга муктаж.

- Мен эң улуусумун. Кичинебиз 5 жашта, сиңдим ЖОЖ окуйт. Анын контрагын төлөш керек. Кичине бөбөгүм болсо күнүгө ыйлайт, апам качан келет деп. Соттор Апышевдин аялын, баласын жоопко тартсын.

Эскерте кетсек, 2012-жылдын 3-ноябрында Кара-Суу базарындагы даараткана көчүп түшкөн. Тергөө иштери ачылганда эле бир топ эрежелер бузулгандыгын аныктаган. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын адистери бул ажаткананы ачууга уруксат бергени менен Кара-Суу райондук архитектурасы уруксат берген эмес. Ага карабастан даараткананын кожоюну өзүм билемдик менен ачып алып, иштете берген..........................

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...