Акыркы макалалар

Назирдин Акылбеков: “Мушкерлердин келечеги кең”

Назирдин Акылбеков: “Мушкерлердин келечеги кең”

Учурда кыргыз мушкерлери бокс жаатында алгылыктуу ийгиликтерди көрсөтүп келүүдө. Эскерте кетсек, өткөн 2013-жылда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Азат Усеналиев Азиянын чемпиону болду. Быйылкы жылдын башынан бери башкы машыктыруучу Адылкан Бекболотов тарбиялаган мушкерлер ири мелдештерде ийгилик жаратып келүүдө. Жакында эле, мушкерлер Өзбекстандан 5 медалды багындырып кайтышты. Акча каражатынын тартыштыгына карабай, мына ушундай жетишкендиктердин артында федерация менен Адылкан Бекболотовдун эмгеги чоң экендигин Олимпиадага даярдоо борборунун директору Назирдин Акылбеков айтты.

Назирдин Акылбеков бокс боюнча Кыргызстан курама командасынын келечеги кең, алдыдагы Азия жана олимпиада оюндарында жеңишке жетишерине ишеним артат. Ошондой эле, кыргыз мушкерлеринин дүйнөлүк рейтингде да алдыңкы орунда экенин баса белгилейт.

Ал эми кураманын лидерлеринин бири Эрмек Сакенов эң башкысы машыгып, даярданып турсак, дайыма спорттук формада болсок, утабыз деген оюн билдирет.

“Өзүмдү даярмын деп ойлойм, акырындан машыгып отурсак, Азия оюндарына чейин жогорку формага келем”. ................

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...