Акыркы макалалар

"Дарак ыры" тасмасынын эл аралык аренадагы тушоосу Москвада кесилет

"Дарак ыры" тасмасынын эл аралык аренадагы тушоосу Москвада кесилет

Кыргыз тилиндеги биринчи мюзиклдин бет ачары 28-февралда өткөн

Режиссер Айбек Дайырбеков тарткан "Дарак ыры" мюзикли Москва шаарында өтө турган XXXX эл аралык кинофестивалдын сынактан тышкаркы "Спектр" программасында көрсөтүлмөй болду. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондусу билдирди.

Маалыматка ылайык, тасманын эл аралык премьерасы өтө турган маданий иш-чара быйылкы жылдын 19-26-апрель күндөрүнө белгиленген. "Спектр" программасы кинематографиялык мейкиндикти кеңейтүү максатында түзүлгөн.

Эскерте кетсек, кыргыз тилиндеги биринчи мюзиклдин бет ачары 28-февралда өтүп, коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынган.

Буга чейин тасманын режиссеру Айбек Дайырбеков жана продюсери Толкун Дайырбекова менен кенен-кесир сүйлөшүп, фильмдин өзгөчөлүгү тууралуу кеп кылганбыз.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...