Акыркы макалалар

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

29-мартта Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахнанын ачылыш аземи болду. Ага КРнын премьер-министри Сапар Исаков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов шаардын тургундары жана меймандары катышты.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өкмөт башчы жайкы сахнанын кызыл тасмасын кесип, шаардыктарды жаңы курулуш объектинин ачылышы менен куттуктады.

Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын инфраструктурасы жылдан жылга жакшырып баратканын, мындан ары шаарда курулуш революциясы уланаарын билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө, профессионал дизайнерлердин этно-стилдеги улуттук кийимдеринин коллекциясы көрсөтүлүп, шаардыктар үчүн КРнын опера, эстрада, фольклордук жанрдагы белгилүү жылдыздарынын, белгилүү бийчилердин жана 200 комузчунун коштоосунда концерттик программа тартууланды.

Дарыянын үстүнө курулган подиум-көпүрө маданий эс алуучу иш-чараларды өткөргөн өзүнчө жай болот. Анда улуттук маданий көргөзмөлөр, концерттер, майрамдык салтанаттар белгиленмекчи.

Курулуштун тендердик баасы 16,4 миллион сомду түзүп, узундугу 60, ал эми туурасы 40 метрди түзөт.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...