Акыркы макалалар

Махабат ИСМАНОВА: «Бир убакта төрт кызматкердин милдетин аткарам»

Махабат ИСМАНОВА: «Бир убакта төрт кызматкердин милдетин аткарам»

Кыргызстан уникалдуу мамлекет десе таптакыр ишенбейсиздер. Мунун жаркын мисалын алыстан издебестен, мобул эле Алай районунан таптык. Анткени, Алай райондук жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештерип эсепке алуу бөлүмүнүн адиси Махабат ИСМАНОВА бир эле мезгилде төрт кызматкердин вазийпасын абийирдүү аткарып жатыптыр. Ошондуктан, аны Гүлчө кыштагында кармап, жеринде капыл-тапыл кепке тарттык.

— Махабат айым, деги ушул тапта акыбалыңыздар кантти экен? Баса, үйлөнгөндөр катары Алай районунда кескин азайдыбы, же тескерисинче, улам өсүп баратабы?

— Башка аймактарды билбейт экемин. Бирок, көз тийбесин, Алай жергесинде акыркы мезгилде үйлөнгөндөр саны улам калыңдап баратат. Албетте, бул абдан эле кубанычтуу жышаан! Ошого жараша үй-бүлө курган жаш жубайлардын жоопкерчилиги дагы күчөдү. Булардын бардыгын убагында каттап, ар бирин чын ыкластан куттуктаганга бекем ыктадык. Андыктан, ажырашкандар дээрлик тыйылып баратат.

— Ошентсе дагы көйгөйдөн куру эместигиңиздер жүзүңүздөрдөн эле даана байкалып турат. Эмнеге?

— Абдан туура жана илгиртпей баамдапсыздар.

Биринчиден, ушул тапта Алай райондук жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештерип эсепке алуу бөлүмүндөгү жападан жалгыз адисмин. Дегеним, бир эле мезгилде архивариустун, оператордун, бөлүм башчынын жана атайын адистин милдетин сентябрь айынан тартып камчы салдырбастан абийирдүү аткарып келатам.

Экинчиден, түйшүгүм улам артып, ошого жараша кайрылгандар дагы абдан арбып баратат. Алардын суроо-талаптарын кечеңдетпестен жайгарып келатам. Бирок, муну мен эч кимге милдет кылып, догумду арта элекмин.

— Ушул тапта мындан башка дагы маселелелер башыңызды катуу оорутуп жаткандыр?

— Ооба. Биринчиден, жалгыз адам физикалык жактан бардыгына таптакыр үлгүрбөй жатам. Ошону үчүн кеңсебизде кезек күткөндөр моминтип арбын.

Экинчиден, Алай районунда абдан чачыранды жайланышкан он төрт айыл өкмөтү бар. Булардын үчөөндө гана биздин паспорт бөлүмчөлөрүбүз бар. Калган он бир айыл өкмөтүнүн калкын бүт өзүбүз — Алай райондук жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештерип эсепке алуу бөлүмү жалгыз тейлеп жатабыз.

— Махабат айым, Алай райондук жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештерип эсепке алуу бөлүмүнүн азыркы акыбалы жөнүндө Бишкектеги жетекчилигиңиздер билеби?

— Албетте! Бишкектеги жетекчилигибиз Алай райондук жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештерип эсепке алуу бөлүмүнүн ушул таптагы акыбалын бизден жакшы билишет. Ошол себептүү алар дагы маселебиздин ар тараптуу жана абдан ыкчам чечүүгө тынымсыз көмөктөшүп келатышат. Кыргыздар айтмакчы, сааты чыкканда биздин деле көйгөйлөрүбүз чекесинен чечилип, ар кимибиз өз милдетибизди аркалап калчу күн алыс эмес!

Эң башкысы: эл-журтубузду ынтымакчылык жана оомат гана ыроолосун! Анткени, ар кандай кыйынчылыкты жана жаманчылыкты аманчылык баары бир жеңет!

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Түп нускага шилтеме : aimak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...