Акыркы макалалар

Кыргызстан 15 млн. АКШ долларын кредитке алат

Кыргызстан 15 млн. АКШ долларын кредитке алат

Эл аралык Валюта Фонду Кыргыз Республикасы менен персоналдын деңгээлинде кеңейтилген кредиттик механизмдин алкагында, алтынчы баяндама боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу бүгүн, Эл аралык Валюта Фондунун миссиясын жетектеп келген Кристиан Беддис маалымат жыйынында билдирди.

Тактап айтканда, кеңейтилген кредиттик механизмдин жардамы менен каржылануучу 3 жылдык программанын жыйынтыктоочу баяндамасы тууралуу талкуулоо максатында, Кристиан Беддис жетекчилик кылган ЭВФнын миссиясы 6-майда Бишкекке келген. Аталган миссиянын иш сапары бүгүн 16-майда аягына чыкты.

Иш сапардын соңунда эки тарап баяндаманы жыйынтыктоо боюнча персоналдын деңгээлинде иш алып баруу келишимин түздү. Бул келишим ЭВФ Аткаруучу Кеңеши тарабынан бекитилди. Алтынчы жыйынтыктоочу баяндама ушул жылдын июнь айында каралат. Баяндама бекитилген соң Кыргыз Республикасына 15 млн АКШ доллары кредитке берилет. Ал эми аталган механизмдин алкагындагы жалпы каражаттын суммасы 105 млн. АКШ доллары.

Кристиан Беддис Кыргызстандын экономикасы тууралуу төмөнкүлөргө токтолду: "2013-жылдагы экономикалык көрсөткүчтөр өтө жогору. Өсүү 10,5 пайыз болуп, атайын операциялардын негизинде дефицит төмөндөгөн. Алтынды казып алуу калыбына келип, азык-түлүк жана мунай заттарга болгон баа төмөндөгөн. КР Улуттук банкы акча-кредиттик саясатты модернизациялоодо бир топ ийгиликке жеткен. Өлкө негизинен макроэкономикалык саясатты туура жүргүзүүсү керек. Бюджетти консолидациялоо үчүн салык тармагын оптималдаштыруу зарыл. Миссия Банк кодексин жана көмүскө экономика менен терроризмди каржылоого каршы мыйзамдарды тезинен кабыл алууга чакырат. Инвестициялык климатка шарт түзүп, ишкердик чөйрө менен энергетика секторун өнүктүрүү Кыргызстандын эл аралык атаандашууга жолун ачат. ЭВФ Кыргыз Республикасына реформалаларды ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө жана жемиштүү кызматташууга даярбыз."

Ошондой эле бөлүнгөн каражат эмнеге жумшалары тууралуу суроого Кристиан Беддис: "Аталган каражат өлкөнүн бюджетине келип түшөт. Аны бөлүштүүрүүдө маселенин манилүүлүгүнө карай чечилет. 2010-жылдан кийинки түзүлгөн келишимдерде каражаттар негизинен экономиканы стабилдештирүүгө кеткен. Биз макроэкономикалык өнүгүүгө басым жасайбыз. Акчаны реализациялоо биздин жумушка кирбейт. Бул сумма 0,75% үстөк менен берилет. Ал эми бул программа 10 жылдык мөөнөткө созулат. Акчаны кайтаруу өзүнүн атайын этаптары менен жүрөт,"-деп билдирди.

Маалыматка ылайык, эки тарап июнь айында керектүү документтерге кол коюшат. Ал эми 15 млн. АКШ доллары июль айында өлкө бюджетине келип түшөт.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...