Акыркы макалалар

Бабанов өзүнө ачылган экинчи кылмыш иши боюнча үн катты

Бабанов өзүнө ачылган экинчи кылмыш иши боюнча үн катты

“Республика-Ата Журт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов өзүнө карата ачылган экинчи кылмыш иши боюнча фейсбук баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

Ал бийликти басып алуу маанисиз экенин айтып, өзү же анын партиялаштары, тарапташтары мындай кадамга барууга ниеттери болгон эместигин билдирген.

Ошондой эле, шайлоо кампаниясын таза өткөргөнүн, шайлоо бүткөндөн кийин митинг да өткөрбөгөнүн белгилейт.

“Расмий түрдө дагы бир жолу билдиргим келет. Кайсы бир мыйзамсыз кадамдарды пландаган деген адамдар менен мен бир дагы жолу жолуккан эмесмин, тааныбаймын. УКМК ушул маселеге чекит коет деп ишенем” – деди Бабанов.

Ал ошондой эле, өзүнө козголгон дагы бир кылмыш иши боюнча укук коргоо органдары чекит коюп, ойдон чыгарылган шектер жокко чыгарылат деген оюн айткан.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...