Акыркы макалалар

Эльмира Жумалиева: "Мыйзамдын көбү элдин сунушу менен иштелип чыгат..."

Эльмира Жумалиева: "Мыйзамдын көбү элдин сунушу менен иштелип чыгат..."

"Саясаттан сырткары" программасынын кезектеги коногу Экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, эмгек сиңирген экономист, Жогорку Кеңештин депутаты Жумалиева Эльмира Бусурманкуловна болду.

«Акматбек Нуржановичтин тарбиясы...»

Менин бала чагым Талас шаарында өттү. Ошол жерден төрөлүп, №1 орто мектебин бүтүргөм. 1979-жылы Айыл чарба институтунун экономика факультетине тапшырып, өтүп, аны жакшы аяктагам. Ал кезде Союз убагы эле. Ошол кезде айыл чарба институту болчу, азыр агрардык университет болуп калды, ошол жерде 30 жылга жакын иштеп калдым. Бирок, бүтүргөндөн кийин мен айыл чарбага кеттим. Анда ар бир регионго бүтүрүүчүлөрдү талапка жараша жөнөтчү. Ошентип, мени Талас районун Ленин колхозуна жиберишти. Ошол жерде эмгектенип калдым. Ал колхоздун башкармасы баатыр Акматбек Нуржанович деген киши эле. Ал кишинин талыкпай эмгектенгени, күнү-түнү уктабай иштегени менин кийинки эмгек жолума чоң жардам берди жана тарбия болду. Ошол жерден баштап, кийин турмушка чыгып, шаардагы агрардык университетке келип иштедим. Кичи окутуучудан баштап, көтөрүлүп отуруп, азыр депутат болуп отурам.

«Жолдошум аттын кашкасындай таанымал адам...»

Мен төрөлгөндө апам ооруп калып, апамдын сүтүн эмбей чоңоюптурмун. Анан кээ бир кезде апам ооруп калса, мен чоңойгондо доктур болом деп айтчу элем. Мени таенем карап калганына байланыштуу, таенемди да карап, дарылайм дечүмүн. Кудай буюруп, жолдошум доктур болуп калды. Атам партиянын мүчөсү эле. Партиялык кызматтарды аркалады. Кыйын кырдаал кездерде көп жерде иштеди. Анан менин ордумду басышың керек деп, айыл чарба институтунун экономика факультетине киргизген. Апам да билимдүү адам. 40 жыл соода кызматында иштеп келди. Биз 10 бир тууганбыз. 8 кыз, эки уул. 8 кыз болгондон кийин балдарыбыз да кыз мүнөз болуп, тартиптүү болуп чоңоюшту. Ал эми менин жолдошум да кыргыз элине ак эмгеги сиңген, аттын кашкасындай таанымал адамдардын бири. Эне жана балдар борборунун жетекчиси Узакбаев Камчыбек. Ал да илим жолунда медицина илимдеринин доктору, профессор, бүгүнкү күндө талыкпай докторлук ишин аркалап келет.

«Кыргызсыңбы? Анда Манасты оку...»

Мен бир жерге барып, жумалап жатып алып, эс алган адамдардан эмесмин. Мурда балдарым кичинекей кездеринде таза абага алып чыкканга аракеттенчүмүн. Азыр деле ушул. Бош убакытым болуп калса, неберелерим менен абасы таза, тоо жакка алып чыгып кеткенге аракеттенем. Анан китеп окуганга көп убакыт бөлөм. Союз убагында беш мүнөт убакытың бош болуп калса эле, китеп карачу элек. Чай ичип отурсак да, китеп окучубуз. Азыр китепке көп көңүл бурулбай калды. Өзүн кыргызмын деп эсептеген адамдын баары Манасты окуп чыгышы керек. Манасты окуган адам биздин тарыхты окуган болот. Ошондой эле Чыңгыздын ар бир чыгармасын билиши керек.

«Мыйзамдардын көбү элден келген ...»

Депутаттардын бары ар кайсы тармактан келишкен. Баарыбыз эле юрист эмеспиз. Бирок, менин окуу жайда иштегендигим чоң жардамын берди. Биз өкмөттө жазган мыйзамдарды карап, өзүбүздүн сын-пикир, сунуштарыбызды берчүбүз. Азыркы күнгө чейин мен тарабынан жазылган мыйзамдардын баары эле элден келди десем жаңылышпайм. Анткени, 2010-жылы абдан көп гуманитардык жардамдар келип түшкөн бизге. Ошолор тиешелүү дарекке жетпей калды деген маалыматтар сайттарда көп жайгашып калды. Ошондон улам гуманитардык жардам бизде кандай өтөт экен, механизмдери кандай болду экен деп, ошону карап, “акысыз жардам” деген мыйзамды алып чыкканмын. Анын максаты – Кыргызстанга кандай гуманитардык жардамдар келет, алар кантип жеткизилип, таратылат деген механизмдеринин баарын жазып, көрсөтүп, бүгүнкү күндө комитеттерден өтүп, жыйында кароо алдында турат. Кээ бир келип жаткан гуманитардык жардамдар сатылып жатат. Мындайга жол бербешибиз керек. Биздин өзүбүздүн граждандык коом көзөмөлгө алыш керек деген беренелерди киргиздик. Анын үстүнө келип жаткан жардамдар кандай, мисалы кээ бир кийимдер көпкө туруп калса, аны кийген адамдын денеси аллергия болуп кетет экен, мына ушунун баарын көзөмөлгө ала турган мыйзам. Алимент боюнча да мыйзам алып чыккам. Көптөгөн аял заттары кайрылышып, алименттерибиз ушул күнгө чейин төлөнбөйт, ушул боюнча бир да мыйзам жок экен дегенден улам алып чыккам. Ал бир гана алимент төлөөчүлөрдүн эмес, төлөй тургандардын да кызыкчылыктарын козгогон мыйзам болду. Мындан сырткары дагы көп мыйзамдар иштелип чыгып, колдоого ээ болуп жатат.

«Менин эшигим ар дайым ачык...»

Менин өзүмдүн кесибим мугалим болгондон кийин, актыкка, тактыкка, чындыкка тарбияланган, жоопкерчиликке чакырган бир мүнөзүм бар десем жаңылышпайм. Анткени, мен мугалиммин. Акты ак, караны кара деп сүйлөш керек. Менин эшигим дайыма ачык, эч качан жапкан эмесмин. Келем дегендердин баарына түз чыга турчу телефон номурумду берем. Келишет, кайрылышат. Билим берүү болобу, социалдык жактан болобу, ден соолук боюнчабы, айтор, ар кайсы тармактагы адамдар кайрылышса, колумдан келген жардамымды берип келем.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...