Акыркы макалалар

Улуттук улуу сырды ачкан Б.Кыдыралиевага тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай жатат - Нурбаев

29-мартта Жогорку Кеңештин “Ар кыл маселелер” саатында “Ата-Бейит” сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиевага камкордук көрүү маселеси көтөрүлдү. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Абдывахап Нурбаев 1937-1938-жылдары кыргыз элинин каймактары, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн кайда атылгандыгы боюнча “Ата-Бейит” сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева апа 90 жашка келип, кыйналып тургандыгынан кеп кылды. Депутаттын айтымында, Бүбүйра апанын алган пенсиясы 6700 сомду түзөт. “Улуттук улуу сырды ачкан Бүбүйра апаны үй менен камсыздап, мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүнү сунуштайм. Аны ыраазы кылып, батасын алып калалык”,- дейт А.Нурбаев.

Депутат Махабат Мавлянова Кыргызстандын башкы байлыгы кыргыз эли экенин айтып, элдин саламаттыгына кам көрүү жаатында кеп козгоду. Эл өкүлү республика аймагындагы жеке клиника, ооруканалар ар 3 жылда бир жолу аккредитациядан өтүшү керектигин, тилекке каршы, болгону бешөө эле өткөндүгүн айтып, натыйжада ар кандай инфекциялык оорулардын пайда болуп жаткандыгын баса белгиледи.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...