Акыркы макалалар

Айрым маршруткалардын багыты өзгөрдү

Айрым маршруткалардын багыты өзгөрдү

Бишкекте көпчүлүк жолдор оңдолуп жатканына байланыштуу айрым кичи автобустардын багыты өзгөрдү. Бул тууралуу мэриянын алдындагы Шаардык транспорт башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда Москва көчөсүнүн Абдрахмановдон Сүйүмбаевге чейинки бөлүгү оңдолуп жатат. Ошол себептен:

— №114 маршрутка Гоголь көчөсү аркылуу Токтогулга чейин барып, андан ары мурдагы багыты менен жүрөт;

— №214 маршрутка Чүй проспектиси, Гоголь, Токтогул жана Ибраимов аркылуу барып, андан ары мурдагы багыты менен жүрөт;

— №131 маршрутка Чүй проспектиси, Ибраимов, Киев көчөсүнөн Абдрахмановго чыгып, андан ары мурдагы багыты менен кетет;

— №213 маршрутка Абдрахманов, Бөкөнбаев, Ибраимов көчөсүнөн Чүй проспектисине чыгып, андан ары мурдагы багыты менен каттайт.

Мындан тышкары, Термечиков көчөсү Лев Толстойдон Гагарин көчөсүнө чейин жабылганына байланыштуу №270 кичи автобустун багыты Кулиевден Гагаринге чейин барып, андан ары мурдагы каттамы менен уланат.

№134 маршрутка Садырбаевден Гагаринге чейин чыгып, андан ары мурдагы багыты менен каттайт.

Ошнодой эле, Айни көчөсүнүн Псков көчөсүнөн Токтоналиевге чейинки бөлүгү жабылгандыктан №169 маршрутка Бакаев, Сухомлинов багыты боюнча Гагарин көчөсү менен жүрөт.

№216 маршрутка болсо Псков, Ахунбаев көчөлөрү менен жүрүп, андан ары мурдагы каттамы менен каттайт.

№262 маршрутка Гагарин менен Айтматов проспектисине чыгып, андан ары мурдагы багыты боюнча кетет.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...