Акыркы макалалар

Пакистандык студенттерди карактады деп атайын даярдыктагы бөлүктүн жоокери кармалды

Пакистандык студенттерди карактады деп атайын даярдыктагы бөлүктүн жоокери кармалды

Шектүүлөр пакистандыктардын жатаканасына кирип барып, күч колдонуп машинага салып кеткен

Чүй ОИИББдин атайын даярдыктагы бөлүктүн жоокери каракчылыкка шектелип кармалганын Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 25-мартта саат 23:50лөр чамасында Пакистандын жарандары каракталганы боюнча маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Бишкек ШИИБ менен Ленин РИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган.

"25-мартта болжол менен 19:30дар чамасында Пакистандын үч жараны жашаган жатаканага бейтааныш эки киши келип, алардын колуна кишен салып, күч колдонуп, телефонун жана акчасын алып машинага салып кетишкен. Андан кийин коркутуп, 2000 доллар талап кылган", — деп айтылат маалыматта.

Бейтааныш кишилер жабыркагандардын бирөөнү талап кылынган акчаны таап келүү үчүн коё беришкен. Жабырлануучу акчаны таба албагандан кийин милицияга кабарлаган.

Шаардык милициянын кызматкерлери шектүү жаранды кылмыш жасаган жеринен кармап, алар 28 жаштагы Ш.Ж. жана 23 жаштагы Ч.Э. экенин аныкташкан. Ошондой эле 28 жаштагы жаран Чүй облустук ИИББдин атайын даярдыктагы бөлүктүн жоокери экени такталган.

"Тинтүү учурунда кармалгандардын жанынан жабыркагандарга таандык уюлдук телефон жана кишендин ачкычы табылган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин каракчылык жана опузалоо беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Иш боюнча сот-медициналык экспертиза дайындалып, ИИМдин ички тергөө кызматы менен Ленин РИИБдин өкүлдөрү тарабынан кармалгандардын жетекчилери да текшерилүүдө.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...