Акыркы макалалар

Айдоочулук сынактан 367 киши кулады, 9 киши гана өттү

Айдоочулук сынактан 367 киши кулады, 9 киши гана өттү

23-мартта айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынакка катышкан 376 курсанттан 367 киши кулап, 9 киши гана ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, мындай жыйынтык 2017-жылдын соңунан бери байкалып жатат. Анткени жаңы талап боюнча сынактар учур чак режиминде, биометрикалык идентификациялоо менен толук автоматтык негизде өткөрүлүп жатат.

Бул чаралар сынактардын жыйынтыгына адам кийлигишүүсүн жокко чыгарууга багытталган. Ошондой эле, автомектептердин курсанттарынын жол кыймылынын эрежелерин теориялык жактан өздөштүрүүсүн жакшыртуу, мыйзамсыз айдоочулук күбөлүк алууну жоюу жана өлкөдөгү жол коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу максатын көздөйт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...